Кыскача

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин кесиптик жогорку мектебинде учурда экономика жана башкаруу программалар бөлүмү жана техникалык программалар бөлүмү билим берүү ишин жүргүзүп келет.

Экономика жана башкаруу программалар бөлүмүндө;

  • “Офис менеджмент жана жетекчинин жардамчысы”
  • “Мектепке чейинки билим берүү”
  • Экономика жана бухгалтердик эсеп”
  • “Маркетинг”
  • “Туризм жана мейманканаларды иштетүү”

техникалык программалар бөлүмүндө;

  • “Автоматташтырылган системаларды жана эсептөө техникаларын программалык камсыздоо”
  • “«Имараттарды жана курулмаларды куруу жана эксплуатациялоо»”
  • “Ширетүү өндүрүшү”
  • “Жыгач иштетүүнүн технологиясы, эмеректер дизайны жана конструкциялоо”
  • “«Автомобилдик транспортту техникалык тейлөө жана оңдоо»

программалары бар.

Окуу жайыбыз өзүнүн тармагы боюнча тажрыйбалуу академиялык курамы менен заманбап маалыматтарды студенттери менен бөлүшүү менен бирге, студенттерге алган маалыматтарын практика жүзүндө колдонууга мүмкүнчүлүк берүү үчүн колдонуу чөйрөсүн дагы сунуштайт. Биздин бүтүрүүчүлөрүбүздүн өз адистиги боюнча татыктуу ордун ээлеши үчүн зарыл болгон деңгээлде чет тилди билүүсүнө жана маалыматтык технологияларды колдоно билүүсүнө өзгөчө көңүл бурулуп жатат. 

Окуу жайында бир жылдык даяроо курсу окутулат жана андан кийин билим берүү тили кыргыз жана түрк тилдеринде жүргүзүлөт. Даярдык билимин ийгиликтүү аяктаган студенттерге кесиптик билим берүү программасы менен катар англис же орус тили сабактары берилет. Мындан  тышкары, студенттерибиз заманбап технологиялык жабдыктар менен жабдылган класстарда, лабораторияларда жана устаканаларда бекер билим алышат.

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин кесиптик жогорку мектебинин максаты – билим алып жаткан студенттердин ишкердик жашоого толук даяр болушун камсыз кылуу. Биздин кесиптик жогорку мектепте өз тармактарынын алдыңкы өкүлдөрү тарабынан өткөрүлгөн семинарлардын негизинде студенттерибиз кесиптик чөйрөдөгү болуп жаткан окуяларды байкап турууга мүмкүнчүлүк алышат, ошол эле учурда, аталган кесиптик чөйрөнүн өкүлдөрү да келечекте ушул жаштардын өз каалоо жана талаптарына ылайык тарбияланган адамдар арасында иштөөнү пландаштырган кадрларды тандоого мүмкүнчүлүк алышат.

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин кесиптик жогорку мектеби; документтердин негизинде расмий жана расмий эмес билим берүү иш-аракеттери менен жумушчу күчтү кыска мөөнөт ичинде эл аралык деңгээлге чыгарууга салым кошууну максат кылат.